Инспекторлор “Жардам бергиле!” деп кыйкырган үндү угуп ала качууну токтотушту

20 октября 2021 11:57 1561 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош  шаарында 19 жаштагы кызды ала качып кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош областынын ички иштер башкармалыгынын жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, 19-октябрда болжол менен саат 18:30да Ак-Буура районундагы нөөмөт бөлүмүнө Насирдин Исанов көчөсүндөгү троллебус токтой турган аялдамада белгисиз адамдар күч колдонуу менен кызды унаага салып белгисиз тарапка кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат алынгандан кийин Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору унаалардын биринен “Жардам бергиле!” деп кыйкырган үндү угушкан. Алар унааны токтотууга аракет кылышканда айдоочу качкан. Унааны Учкун айылындагы светофорго токтогондо кармашкан. Анын ичиндеги кыз ала качып бара жатышканын айткан.

Кыз 2002-жылы Жалал-Абад областында туулган К. кызы Ж. экени аныкталды. Ала качууга шектелген жарандар: Жалал-Абад областында 1995-жылы туулган К. уулу А.,1996-жылы туулган Ж.Э. кармалды.

Тергөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/inspektorlor-zhardam-bergile-dep-kyjkyrgan-nd-ugup-ala-kachuunu-toktotushtu



Добавить комментарий