Инфекциялык оорулар балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат

8 ноября 2019 10:31 4771 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыр балалуу боло албай жаткан ата-энелердин маселеси абдан олуттуу. Бул маселеге кайдыгер кароо да мүмкүн эмес. Биздин өлкөдө бул маселе көтөрүлбөй жатканы да абдан өкүнүчтүү.

Ата-эне болгусу келген түгөйлөрдүн каалоосунан, бактысынан ажыратып же көпкө чейин күттүрүп, узак дарыланууларды башынан өткөрүп жаткан азаптын себеби эмнеде? Ким күнөлүү? Заманбап медицинабы же сабатсыздыкпы?

Barometr.kg маалымат агенттиги адистердин кенештерин сунуштайт.

Суук тийүү жана ак суюктук тууралуу сөз кылдык. Эгер мындай жөнөкөй оору катары каралган бул ооруларды дарылоо абдан маанилүү болсо, андан башка инфекциялык оорулар тууралуу сөз кылуунун да кереги жок. Анткени, ал оорулар салыштырмалуу он эсе олуттуу жана балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Ал эми “инфекциялык оорулар менен ооруганда бойго бүтүп калса болобу?” деген суроого, ар бир аң сезими бар адам жообун айттырбай билсе керек. Ар бир ата-эне балалуу болгусу келгенде же мүмкүн болушунча эки жаш баш кошоордо жакшылап текшерилип, дарыланып анан үйлөнүшсө, ашыкча маселелер чыкмак эмес.

Эсиңиздерде болсун, балалуу болгусу келген адам сөзсүз кандай оору, кандай кыйынчылык болбосун биздин заманда баарын жеңе алат.

Витаминдер балалуу болууга жардам кылат Курамына фолий кычкылтеги кирген мультивитаминдерди аялдардын дайыма ичип туруусу бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, деп жаңы ачылуулар тактап чыкты. Бул кычкылтек башынан эле түйүлдүктүн өсүшүнүн токтоп калышын алдын ала эскертүүчү касиети менен белгилүү. Ал эми азыр болсо окумуштуулар ал бойго бүтүрүүгө да жардамын берет деп жаңы маалымат киргизишти

Америкалык окумуштуулар атайын изилдөөлөрдү бойго бүтүрө албай жүргөн 18500 аялга жүргүзүп көрүшкөн. Ошондо бул витаминдерди дайыма ичип жүргөн аялдардын 40%нын маселеси такыр же анда-санда ичип жүргөн аялдарга караганда оңоюраак чечилген. Окумуштуулар эне болгусу келген аялзатына мультивитаминдерди ичүүсүн сунушташат. Ал эми фолий кычкылтеги көк чөптө жана помидордо бар. Ошондой эле курамында бул витаминдер бар азыктар менен организмди жетиштүү камсыз кылуу мүмкүн эмес. Дайыма витаминдер менен азыктанып туруу бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн эки эсе жогорулатат. 200 аял дайыма витаминдерди үзгүлтүксүз колдонуп, бардыгы көздөгөн максаттарына жетишкен. Өзгөчө Е жана С витаминдери энелик жумурткаларды терс таасирлерден коргойт. Бирок бардык эле энелер витаминдерди жеп бойго бүтүрөт деп жыйынтык чыгаруу кыйын. Витаминдер болгону мүмкүнчүлүктү эки эсе жогорулатат жана организм ага муктаж.

Ссылка: https://barometr.kg/infekciyalyk-oorular-balaluu-boluu-mmknchlgnn-azhyratat



Добавить комментарий