Индонезиядагы учак кулаардын алдындагы элдер Кудайлаган видео
Индонезиядагы кулаган учактын ичиндеги тартылган видео интернетке чыкты. Анда элдердин Кудайлап "Аллоху акбар" деп жалынып, өлүм алдындагы абалдары тартылып калган. Бул видеону Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады. Андан сырткары учактын ичинде селфи кылып, жакындарына жөнөткөн сүрөттөр да жарыяланды.
Айта кетсек, 29-октябрь күнү "Lion Air" авиакомпаниясынын Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак учкандан 13 мүнөт өткөн соң учууну көзөмөлдөөчү радардан көрүнбөй калган. Кийинчерээк куткаруу кызматы учак кырсыкка учураганы маалымдалган. Боинг 737 учагында 188 жүргүнчү болгон. Учак деңизге кулап, бир дагы адам аман калган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyadagy-uchak-kulaardyn-aldyndagy-elder-kudajlagan-video
Добавить комментарий ×