Индонезиядагы деңизге кулаган учактан аман калгандар жок. Куткаруучулар жарылган бензин челегин табышты

29 октября 2018 15:10 846 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Индонезиядагы деңизге кулаган Боинг-737 учактагы кырсыктан кийин бир дагы аман калган адам жок. Мындай маалыматты чет элдик агенттиктер жергиликтүү расмий булактардын шилтемеси менен билдиришти. Берилген маалыматтарга ылайык, учак Ява деңизинин 30-40 метр тереңдигинде экени айтылууда. 

Lion Air компаниясы мурунку учуу учурунда учакта техникалык кемчиликтер жаралып, бирок алар жоюлганын жана учакта эч кандай кемчиликтер болбогону аныкталганын айтты. Ал эми куткаруучулар кырсык болгон жерден жарылган бензин челегин табышкан. Интернеттеги булактардын берген маалыматына ылайык, учакта 189 жүргүнчү, алардын үчөө балдар, 2 учкуч, 6 борт коштоочу болгон. 

Эске салсак, бүгүн 29-октябрда эртең менен Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява денизине кулаганы тууралуу маалымат кулаган.

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyadagy-deizge-kulagan-uchaktan-aman-kalgandar-zhok-kutkaruuchular-zharylgan-benzin-chelegin-tabyshty



Добавить комментарий