Индонезияда жүргүнчү ташыган кайык чөгүп кетти

20 июня 2018 23:00 1140 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезияда жүргүнчүлөрдү ташыган жыгач кайык чөгүп кетти. Маалыматтарга караганда дүйшөмбү күнү, тактап айтканда 18-июньда Тоба көлү аркылуу жолго чыккан суу транспортун аба ырайынын бузулушунан улам 2 метрлик толкун ала салдырып кеткен. Бул тууралуу Аль Жазира маалымат кызматы жазып чыкты. 

 Кырсыктан 18 ден ашуун адам жергиликтүү куткаруу кызматкерлери тарабынан куткарылып, 166 дан көп адам жоголуп жаткандыгын айтышууда.

Тоба көлү Индонезиядагы деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан бирден бир чоң көлдөрдүн бири. Туристтик аймак болуп эсептелгендиктен айрыкча Рамазан айында киши көп болот.

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-zhrgnch-tashygan-kajyk-chgp-ketti



Добавить комментарий