Индонезияда өч алуу үчүн 300дөй крокодил өлтүрүлдү
Поделиться в:
Индонезияда Соронг шаарчасында жергиликтүү эл өч алуу максатында 300дөй крокодилди өлтүрүштү. Globalnews маалымат агенттигинин билдиргенине караганда 48 жаштагы жергиликтүү Сугито аттуу жаранга чөп жыйнап жүргөн маалда крокодил кол салып, ошол жерден жан берген. Крокодилдерди Индонезиядагы жеке ишкер фермасына кармаган. Сугитонун өлүмүнөн кийин чогулган эл жеке менчик крокодил фирмасындагы алгач 4 метрлик эки чоңун, андан соң 100-150 сантирметрлик кичинекейлерин өлтүрүшкөн.
Жергиликтүү полиция жерде-сууда жашоочу айбанаттардын массалык түрдө өлтүрүлүшүн иликтөөдө.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-ch-aluu-chn-300dj-krokodil-ltrld
Добавить комментарий ×