Индонезияда аял шамалдан боюна бүтүп, бир саатан кийин кыз төрөгөн

19 февраля 2021 16:42 3641 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезиянын Чианжур районунда аял шамалдан кош бойлуу болуп, бир сааттан кийин кыз төрөгөнүн айтты. Бул тууралуу Coconut басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр”  билдирет.

25 жаштагы Сити Зайна бул окуя намаздан кийин жерге жатып эс алып жатканда болгонун айтты. Күтүлбөгөн жерден, аял өзүнө шамал кирип жатканын сезген. Анын ою боюнча, дал ушул учурда кош бойлуулук пайда болгон. 15 мүнөттөн кийин ичи ооруп, көз алдында курсагы чоңойо баштаган. Ал медициналык борборго жетип эле, 2,9 килограмм салмактагы дени сак баланы көз жарган.

Зайна күйөөсү менен төрт ай мурун ажырашкан. Анын айтымында, буга чейин кош бойлуулуктун белгилери болгон эмес. Медициналык борбордун башчысынын айтымында, шамалдын буга эч кандай тиешеси жок, ал эми аялда жашыруун кош бойлуулук деп аталган нерсе болгон. Ушак-айыңдар тарап кетпеши үчүн, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн полиция кызматкерлери иликтей баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-ayal-shamaldan-boyuna-btp-bir-saatan-kijin-deni-sak-balany-trgn



Добавить комментарий