Индиядагы селден 63 миң адам жарадар болуп, 145 кыштак суу алдында калды

11 июля 2019 09:59 3764 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда болгон суу ташкынынан 63 миң адам жаракат алды. Айрыкча түндүк-чыгыштагы Ассам штаты катуу жабыркап, суу алдында 145 кыштак калды. Бул тууралуу kratko-news.com. кабарлады.

Бийлик 200 миңдей адам кабылган кырсыктан куткаруу үчүн  ири масштабдагы операцияны баштады. Ондогон адамдар дайынсыз жоголгону айтылууда.

Нөшөрлөгөн жамгырлуу аба ырайы аталган аймакта эң аз дегенде дагы беш күнгө созула турганы кабарланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyadagy-selden-63-mi-adam-zharadar-bolup-145-kyshtak-suu-aldy-kaldy



Добавить комментарий