Индияда коронавирус менен ооругандардан "мукоромикоз" оорусу катталды

10 мая 2021 11:05 2150 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда коронавирус менен ооруп айыккандардан "кара көк"( мукоромикоз) илдети катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайтына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Гуджарат штатында дарыгерлер  мукоромикоз чыккандыгын катташты. Бул көгөрүп кеткен сейрек кездешүүчү оору. Индияда буга чейин 100дөн ашуун адам аталган ооруну жуктуруп алышкан. "Кара көктүн" айынан сегиз бейтаптын көзү көрбөй калган.

“Дарыгерлер бул илдет  коронавирус менен ооруп жаткандарга же коронавирус болуп бүткөндөргө башкаларга караганда көбүрөөк коркунуч туудурарын айтышты.

Индия бийлиги эпидемияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрө баштады. Өкмөт штаттагы айрым ооруканаларда мукоромикоз менен ооругандар үчүн атайын бөлүмдөрдү түздү.

"Мукоромикоз" терини жана ички органдары жабыркатат. Жада калса өлүмгө да алып келиши мүмкүн”- деп айтылайт маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-koronavirus-menen-oorugandardan-mukoromikoz-oorusu-kattaldy



Добавить комментарий