Индияда эки баштуу, үч колдуу сиам эгиздери төрөлдү

14 апреля 2021 09:48 5409 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда сейрек кездешүүчү эки баштуу жана үч колдуу сиам эгиздери төрөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү телеканал Odisha TV билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, сейрек кездешүүчү аномалия менен төрөлгөн бала Индиянын Одиша штатында 11-апрель күнү жарык дүйнөгө келген.

Дарыгерлердин айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркай эки оозу менен тең тамак жеп, эки мурду менен дем алып жатат. Бул бир денеде жайгашкан эки баштуу, үч колдуу, эки буттуу сиам эгиз кыздары.

Баланын төрөлүшү үчүн жеке оорукананын дарыгерлери энеге кесарево операциясын жасашкан.

Кыз өзгөчө дарылоону талап кылат, ошондуктан аны Каттак шаарындагы Сардар Валлабхай Пател атындагы Педиатрия Институтуна жеткиришкен.

Эске сала кетсек, Индияда мындай сиам эгиздери биринчи жолу төрөлүп жаткан жок. Буга чейин, 2019-жылы 21 жаштагы Бабита Ахирвар аттуу келин үч колу менен эки баштуу наристе төрөгөн.

Ал эми, Азербайжандын Баку шаарында 2019-жылдын ноябрь айында бет түзүлүшү жок кыз төрөлгөн. Маалым болгондой, ымыркайдын оозу болгон эмес, кулагы мойнунда, мурду чочконун стигмасына окшош болуп жарык дүйнөгө келген.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-eki-bashtuu-ch-kolduu-siam-egizderi-trld



Добавить комментарий