Индияда чагылган түшүп 27 адам каза болду
Поделиться в:
Индиянын чыгыш тарабында чагылган түшүп анын кесепетинен 27 адам көз жумду. Батыш Бенглядагы Өзгөчө кырдаалдар министри Жавед Ахмед Хандын берген маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка караганда, Батыш Бенглядагы Өзгөчө кырдаалдар министри Жавед Ахмед Хандын билдирүүсү боюнча акыркы учурдагы жаан-чачындын жыйынтыгында талаада иштеген дыйкандарга чагылган тийип, анын натыйжасында 27 адам каза болгон.
Индияда акыркы 2 жыл ичинде чагылгандын кесепетинен 2 миң 900 адам каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-chagylgan-tshp-27-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×