Импотентке кабылган эркектерге виагра дарылары канчалык жардам берет?

8 февраля 2019 13:46 22469 Barometr
Поделиться в:
ok

Виагра дарыларын учурда көптөгөн эркектер колдонуп келет. Бирок, ага атаандаш катары акыркы учурда ага окшош дарылар абдан көбөйдү. Көпчүлүк импотентке чалдыккан эркектер мындай дарыларды колдонуп, төшөк кумарында өздөрүн алда канча күчтүү сезип калышат. Биз сиздерге ал дарылардын колдонордон мурун төмөнкү кеңештерди сунуш кылабыз.

Эркектер канча жаштан баштап төшөк кумарында алсыз боло баштайт?

Адистер статистика боюнча, импотентке кабылган эркектер 30 жашты түзүп жаткандыгын коңгуроо кагып келет. “Мурда мен күнүнө 5 ирет төшөк кумарына барсам, азыр күнүнө бир эле жолу болуп жатат”,- деп даттангандар дароо сексопатологго кайрылуулары керек.

Айрым адистер 40 жаштан ашкан эркектерге жумасына жок дегенде бир жолу төшөк кумарына баруу, ден соолугу бекем болуп, ар кандай оорулардан арылта тургандыгын айтып өттү.

Эркектердин импотенцияга кабылуусунун бирден-бир себеби, депрессияга кабылуу, нервтенүү жана жумуш деп жүрө берүүсү.

Мисалы, Европада ар бир экинчи үй-бүлө, ү-бүлөдө жетиштүү төшөк кумары болбогондуктан ажырашат. Андан да коркунучтуусу, эгерде эркек импотенцияга кабылса, анда беш жылдан кийин ден соолугу начарлап, жүрөк оорусун пайда кылат.

Ага утурлай адистер импотентке кабылгандарга, эң алгач психалогиялык абалын оңдоого чакырат. Анткени, алар карьера түзөбүз деп жүрүп, төшөк кумарын экинчи планга жылдырып, ошондон улам алардын секске болгон каалоосу төмөндөйт экен.

Ссылка: https://barometr.kg/impotentke-kabylgan-erkekterge-viagra-darylary-kanchalyk-zhardam-beret



Добавить комментарий