Иммунитетиңиздин алсыз экенин көрсөткөн 6 белги

21 сентября 2021 17:15 3974 Barometr
Поделиться в:
ok

Биздин организм-татаал система, иммунитет ар кандай оорулардан коргоочу организмдин өзгөчө реакциясы. Ал алсыз болгон учурда адамда тышкы кандай белгилер байкалат. Бүгүн barometr.kg дарыгердин кеңешине таянуу менен бул белгилер тууралуу маалымат бермекчи.

1. Дайыма чарчаган абалда болуу

Уктагандан кийин дагы чарчап турган абалда туруу алсыз иммунитеттен кабар берет.Бул бөйрөк үстүндөгү бездердин иши бузулганынын белгиси. Аталган бездер стресстен соң нерв системасын калыбына келтире турган орган. Ар дайым нерви чыңалган абалда жүргөн адамдардын стресс гармону ашыкча иштелип чыгат. Норма боюнча бул гармондор органдар менен клеткаларга туура сигнал жеткирүү кызматын аткарышат. Бирок анын иши стресстен улам үзгүлтүк болгондо жүрөктүн кагышы катуулап, тамырлар тарып, иммунитет түшүп, тамак сиңирүү начарлап, тышкы тескери факторлорго туруштук берүү жоголот.

2. Ичтин чердейип чыга бериши

Адамдын ашыкча салмагы жок, ал тургай арык болсо деле курсагы чыга берет.Бул курсак тушка майдын топтолушунан улам болот. Бул стресстин жана кандагы картизолдун деңгээлинин жогору экенинен кабар берет.Дал ушул гармон курсакка майдын жыйналышына алып келет.Бул учурда дагы адамдын иммунитети төмөн деп баалоого болот.

3.Эс тутумдун төмөндөшү  

Эске тутуу жөндөмүнүн төмөндөшү иммунитеттин алсырап жатканына түздөн-түз байланыштуу.Бул стресске жана калкан безинин ишинин туура эмес болуп жатышынан улам келип чыга турган жагдай. Калкан бези начар иштегенде адамдын реакция берүүсү төмөндөп, мындан улам эс тутум начарлайт.    

4. Учук көп чыгат

Адамдын оозуна же башка органдарына герпестин чыгышы коргоочу системанын иши үзгүлтүк болгонунан кабар берет.Нормада организм ички инфекцияларды басып коюуга жөндөмдүү. Бирок иммунитет төмөндөп кеткен учурда бул вирус активдешет. Учуктун чыгышы ар бир айда кайталана бериши дагы мүмкүн.Эгерде ал жылына 3-4 ирет чыкса көп чыгып жатат деп эсептелет.

5. Аллергиялык реакциялар

Аллергендерге каршы тура албоочулук дагы иимунитеттин төмөн экенинен кабар берет. Организм кайсы бир факторлорго кандай реакция жасарын билбей калганда аллергия пайда болот. Ал вирустар менен бактерияларга каршы тура албай калганда аллергия күчөйт.     

6. Чачтын түшүүсү жана тырмактын кургап, сынышы  

Бул калкан безинин гипотиреоз болуп жатканынын белгиси. Иммунитет жакшы иштесе жана калкан безинин функциясы мыкты болсо-бул ден соолуктун чың экенинен кабар берген белги. Стресстен улам калкан бези жабыркайт, бул эс тутумдун төмөндөшү, чачтын түшүүсү, тырмактын кургашы менен коштолот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/immunitetiizdin-alsyz-ekenin-krstkn-6-belgi



Добавить комментарий