Иманкадыр Рысалиевдин кызматынан кетишине байланыштуу ЕККУ пикирин билдирди

20 мая 2019 11:10 11728 Barometr
Поделиться в:
ok

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс КР Өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып, Ачык өкмөт” программасына жетекчини Улуттук форум тандашы керектигин билдирди.

Билдирүүдө, «Ачык өкмөт» мамлекет менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ачыктыкты камсыз кылууга жана коррупцияны ооздуктоого жардам берген алгылыктуу долбоорго айлангандыгы, андыктан Кыргызстан «Ачык өкмөттүн» мындан ары иштешин камсыз кылуусу зарыл экендиги белгиленет.

Ошондой эле элчи бул ишти мындан ары улантып кете турган жетекчини Кыргызстан өзү тандашы керектигин жана бул эгемендүү Кыргызстандын чечими болгондуктан иштин тартибине ЕККУнун кийлигишүүгө укугу жок экендигин айткан.  

18-майда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштаган.

Өкмөт башчы Рысалиевге байланыштуу мамлекеттик «КТ Мобайл» уюлдук операторунун тегерегиндеги коомдук резонанстан улам аталган уюмга кайрылган. Маалым болгондой, Рысалиевдин уулу али иши жакшы баштала элек аталган уюлдук компанияда жетекчинин орун басары болуп, эң жогорку айлык акы алып жаткандыгы коомчулук тарабынан сынга алынган болчу.  

Белгилей кетсек, "Ачык өкмөт" - ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү ишке ашырып жаткан долбоор.

Ссылка: https://barometr.kg/imankadyr-rysalievdin-kyzmatynan-ketishine-bajlanyshtuu-ekku-pikirin-bildirdi



Добавить комментарий