Иманкадыр Рысалиев кызматынан кетүү тууралуу өзү арыз берди
Поделиться в:
Иманкадыр Рысалиев “Ачык өкмөт” улуттук форумунун жетекчи кызматынан кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Рысалиевдин өзүнө шилтеме кылып маалымдады.
Рысалиевдин айтымында, ал өкмөткө жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө тиешелүү арызды берди. Бул анын жеке чечими болгонун, ал эми мындай кылуусунун себеби-Кыргызстандын ачык өкмөтүнүн өнүгүшүнө зыян келтирбөө экенин айтты.
Буга чейин белгилүү болгондой кечээ аны «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору Акылбек Жамангуловду коркутту деп айыптап чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/imankadyr-rysaliev-kyzmatynan-ket-tuuraluu-z-aryz-berdi
Добавить комментарий ×