Имамидин Ташов: Үмүтбектин ата-энесине батир бердим. Акыйкат издеп курман болгондор ушуну менен акыркы болсун

14 октября 2020 15:09 3632 Barometr
Поделиться в:
ok

Жеке ишкер Имамидин Ташов 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында башаламандык учурунда жаракат алып, ооруканадан каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берди. Бул маалыматты Имамидин Ташов  “Барометрге”  тастыктады.

“Биз командабыз менен кеңешип, мамлекеттин келечеги үчүн жаш өмүрүн арнаган Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берүүнү чечтик. Акыйкаттык, адилеттүүлүк үчүн каармандыгын көрсөткөн инибиздин өлүмү адам катары мени абдан кейитти. Мамлекетибизде мындай акыйкат издеп курман болгондор ушуну менен акыркы болсун. Жаш болсо да келечектин камын көрүп жаткан жаштар бизге үлгү болсун", -деди жеке ишкер. 

Имамидин Ташов митинг учурунда жаракат алып каза болгон Үмүтбек Баткендик жердеши экенин айтты.

"Үмүтбек менин жердешим экен. Анын туулган жерине барып, ата-энесине куран окутуп, кайгысын тең бөлүшүп келдик. Албетте бул батир жоготуу болгон күйүттү баспайт. Бирок, элим-жерим, мекеним деп күйгөн уул-кыздар дайым даңкталып, баркталарын белгилей кетүү максатында ишкердик  милдеттимди аткарып жатам. Үмүтбектин ата-энесине Ош шаарында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батирдин сертификатын берип келдим", -деди Ташов.

Ошону менен катары эле, ал баардык жарандарды кайрымдуулукка үндөп, кичине да болсо элеге пайдасы тийген инсан болууга чакырды

"Менин бул кадамымдан саясат издегендер да болушу мүмкүн. Бирок, мен кайрымдуулукту чын ыкласымдан, башка ишкерлерге, колунда бар жарандарга үлгү болсун деген максатта жасайм. Колумдан келип турганда кыргыз деп күйүп-жанып, жанын берген уул-кыздарыбызга болгон кичинекей ыраазычылык катары батир берип келем. Менин мындай кадамым башка ишкерлерге да түрткү болуп, “Ала-Тоо” аянтында жабыркап, майып болуп калган кыргызымдын уулдарын да колдоп, марттыгын көргөзөт деп ойлойм”, -деди ишкер. 

Эскерте кетсек, Бишкекте митинг учурунда күч органдары менен кагылышууда жаракат алып, ооруканадан каза бологон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү 8-октябрда кичи мекени Баткен облусунда жерге берилген. Үмүтбек болгону 19 гана жашында Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жанын берди. 

Ссылка: https://barometr.kg/imamidin-tashov-mtbektin-ata-enesine-batir-berdim-akyjkat-izdep-kurman-bolgondor-ushunu-menen-akyrky-bolsun



Добавить комментарий