"Ильяздын ырын" казактардын Made in KZ тобу кыргыз тилинде аткарып чыкты

19 ноября 2018 10:30 3243 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Ильяздын ырын" казактардын Made in KZ тобу кыргыз тилинде аткарып чыкты. Бул тууралуу видео ютуб каналына жарыяланды. Анда казактардын улуттук аспабы болгон домбра менен коштолуп ырдалган. Чындыгында, көпчүлүк аткаруучулардын чеберчилигине баа берип, домбра ырдын көркүнө көрк кошкондугун билдирген пикирлер көп калтырылган.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен Тянь Шань" тасмасынын белгилүү саундтрегине айланган ырды кыргыз ырчылары дагы ырдап келет. Алардын арасында Нурчолпон, Мирбек Атабеков дагы аткарып жүргөнү белгилүү.

Ал эми, кинонун заманбап тартылган тасмасы Өзбектер менен биргеликте ишке ашып, ушул жылдын декабрь айларында көрсөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ilyazdyn-yryn-kazaktardyn-made-kz-tobu-kyrgyz-tilinde-atkaryp-chykty



Добавить комментарий