Илон Масктын компаниясы менен космоско саякаттоо 10 доллардан турат

2 февраля 2021 11:25 732 Barometr
Поделиться в:
ok

Илон Масктын SpaceX компаниясы 2021-жылдын аягына чейин төрт туристти космоско жиберүүнү пландаштырууда. Масктын компаниясы менен космоско саякаттоо үчүн туристтер болгону 10 доллар же андан ашык акча кайрымдуулукка жумшашы керек. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

SpaceX сайтында Илон Масктын миссиясы Inspiration4 деп аталып, Shift4 Payments компаниясынын негиздөөчүсү Джаред Исаакман тарабынан каржылангандыгы айтылат. 37 жаштагы ишкер, Кошмо Штаттардагы төлөм процессингинин эң ири оюнчусу, курч авиатор жана көптөгөн авиа шоулардын катышуучусу Исаакман орбитадагы биринчи толук экскурсиялык экипаждын командири болот. Ал экипаждагы калган үч космонавттын чыгымын төлөйт.

Туристтер Илон Масктын кемесинин экипажынын мүчөсү болуу менен балдардын онкологиялык ооруканасына кайрымдуулук жасай алат. Тандоо үчүн атайын миссиянын веб-сайтына кайрылып, минималдык салым 10 долларды калтырасыз, ал эми, чогулган акча рак оорусуна чалдыккан балдарга жумшалат.

Уюштуруучулардын айтымында, көбүрөөк акча кошсоңуз сизди тандап алуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эсте калган сувенирлерди алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Космостук туристтердин ысымдары бир айдын ичинде белгилүү болот. Учууга бардык даярдыктарды SpaceX компаниясы жүргүзөт.

SpaceX экипаж башкарган Crew Dragon космос кемесин түзүү үчүн НАСА менен келишим түзүп, бүгүнкү күнгө чейин космоско эки жолу учууну аткарды.

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-masktyn-kompaniyasy-menen-kosmosko-sayakattoo-10-dollardan-turat



Добавить комментарий