Илим Карыпбековдун да квадрат тартып, министр болгусу келет

30 августа 2019 18:17 2694 4 Barometr
Поделиться в:
ok

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн инстаграм баракчасына министр Кашкар Жунушаливдин өкмөттүн жыйынындагы фотосу тууралуу “мен деле квадрат тартканды үйрөнүп алсам бакыйган министр болот белем” деген ачуу тамашасын калтырды.

“Кашкар байкемди карап отуруп ойлоп койдум, кап, мен деле квадрат, ромбиктерди жакшы тартканды үйрөнүп алсам бир жерге бакыйган министр болуп калат белем деп.
Адыгене коктусу. Кар күпүлдөп жатат, күн тийип турат. Жашоо керемет!” – деп жазды.

Илим Карыпбековду социалдык тармактын колдонуучулары “Деги байкачы байкеси камалып кетпе калыстык таш жарып турган учурда”, Клоун”, “Таенеңизди сагындык”, “Дагы жакшы Курсандын сүрөтүн тарпаптыр” деген ар тамашалуу пикирлерин калтырып жатышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekovdun-da-kvadrat-tartyp-ministr-bolgusu-kelet



Добавить комментарий