Илим Карыпбеков: Жолду өтүп жатканда эми эки эмес, 6 тарапты караш керек
КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков митингдер боюнча тамаша-чыны аралаш өз пикирин билдирди.
“Жолду өтүп жатканда жакшылап эки эмес, 6 тарапты караш керек болуп калды, каякты караба митинг. Бир жагында атамбаевчилер жээнбековчуларга каршы, экинчи жагында тюлеевчилер атамбаевчилерге каршы, үчүнчү жагында суракматовчулар митингчилерге каршы, төртүнчү жагында асанүсөнчүлөр кыркчорочуларга каршы, бешинчи жагында акыйкатчы азаттыкчылар райыммиллиончуларга каршы, алтынчы жагында жашагым келбейтчилер жашоо жыргалчыларга каршы. Булардын баарын жөнгө салган же сфетофор жок. Анан турабыз ушинтип төрт кошкондо кантип митинг пикетчилерге аралашпай өз жолуңду таап кете албай алаңдап”,-дейт Илим Карыпбеков.
Эскерте кетсек, кечээ 3-июлда Бишкектеги “Медиа Форум” имаратынын жанында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана КСДПнын бир катар мүчөлөрүн колдогондордун митинги өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-zholdu-tp-zhatkanda-emi-eki-emes-6-tarapty-karash-kerek
Добавить комментарий ×