Илим Карыпбеков: Кайран гана коррупция, өлмөй болду байкуш...

13 сентября 2019 11:36 3676 1 Barometr
Поделиться в:
ok

КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш тууралуу пикир айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды. Сарказм, какшык аралашкан пикирде Карыпбеков Кыргызстандагы коррупциянын өжөр экенин, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөн сайын ал өсүп жатат дейт.   

“Кайран гана коррупция, өлмөй болду байкуш...

Акыркы күндөрү сары санаа болуп жатып уктабай да калдым. Ойлогонумдун баары эле коррупция. Байкуш коррупция менен ким гана күрөшкөн жок. Президент деле тынбай күрөшүп атат, Өкмөт, 120 депутат, укук коргоо органдары биригип алышып күрөшүп жатышат. Жарандык активистер, пацифистер, гендеристер, феминистер, пидар... ой, популисттер, журналисттер деле кошулуп алып күрөшүп жатышат. Коррупция байкушту коррупционерлер коргоп аяйбы десем, жок, алар деле тигилерге кошулуп алып коррупция менен күрөшүп жүрүшөт. Айтор коррупция жап жалгыз калды байкуш. Бирок эр экен эй! Дагы деле болсо моюн бербей баары менен жалгыз күрөшүп, кээде жеңип дагы кетип атат эй! Пай-пай-паааай! Кыйын экен негизи. Ошого эле боорум ооручу болду. Өлүп калбаса экен эми. Коррупция өлүп калса жанагынын баары ким менен күрөшөт? Бири бирин өлтүрүп коёбу дейм. Дагы коррупция бар болуп жакшы болуп атат окшойт, баары ошо менен алаксып. Эх кайран гана коррупция! Жаман бышык экен, өжөрлүгүнө караганда түбү кыргызбы деп коём кээде....”, - деп жыйынтыктайт КТРКнын мурдагы башчысы.

Карыпбековдун постуна анын катталуучулары тарабынан: Таенеңизден сурап көрүңүзчү качан өлөт экен коррупция? :), Ошо коррупция жөнүндө бир передача чыгарганыңызда, тарыхка жазбайт белек..., эми калемиңизди ФБ чабыңыз, Илимбек мырза ушу сизге жакыныраак немеби деймда!?.. эчкимге баш бербегенини караганда... деген сыяктуу пикирлер калтырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-kyrgyzstanda-korrupciya-kachan-lrn-taenesinen-surajby



Добавить комментарий