Илим Карыпбеков: "Бир горшокко олтурбайбыз деген залкарлар чогуу сахнага чыгып жакшынакай ырдап беришти, ыраазычылык!"

13 декабрь 2018 15:02 1860 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бир "горшокко" чогуу олтурбайбыз деген эки белгилүү залкарлар КТРКнын 60 жылдык мааракесинде чогуу сахнага чыгып ырдап беришти. Аларга ыраазычылык-деди улуттук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков. Бул тууралуу ал инстаграмдагы баракчасына жазды.

"Жанагы эки бир горшокко олтурбайбыз деген залкарлар жөнүндө айтпадым беле? Ошол экөө бир сахнага чыгып, жакшынакай ырдап беришти. Өзүлөрү билишет ким жөнүндө айтылып жатканын. Ошол эки адамга чоң ыраазычылгымды чын жүрөктөн билдирем. Аман болуп, урушпай-талашпай, агарып-көгөрүп жүрө беришиңиздерге тилектешмин"-деп жазган Карыпбеков.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып жатып калышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-bir-gorshokko-olturbajbyz-degen-zalkarlar-choguu-sahnaga-chygyp-zhakshynakaj-yrdap-berishti-yraazychylyk



Добавить комментарий