УКМК Илмияновго кылмыш иши козголду деген маалыматты четке какты
УКМК мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру, кийин кеңешчиси, Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши козголду деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары Икрамжан Илмяновго карата кылмыш иши козголгонун жазышкан.
Анда Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго карата кылмыш ишин козгогону айтылган. Маалымдалгандай Илмиянов бир бизнесменден 150 миң доллар пара алган деген айып менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду деп билдирген басылмалардын бири.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын пресс кызматы бул маалыматты четке какты.
Ссылка: https://barometr.kg/ikramzhan-ilmiyanovgo-karata-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×