Икрамжан Илмиянов Көк бөрү федерациясынын президентигинен кетти

6 июля 2018 19:00 1280 Barometr
Поделиться в:
ok


Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Федерациядан билдиришкендей, ал жетекчиликтен кетүү тууралуу арызын  ден соолугуна жана үй-булөлүк шартына байланыштуу жазган. 

5-июлдаБишкекте Көк бөрү федерациясынын кезектеги съезди болуп, жаңы президенттишайлоо маселеси каралды. Республика боюнча 77 делегат катышкан съезддеЖыргалбек Саматовдун талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Буга чейин алфедерациянын вице-президенти болуп келген. 2016-жылы Саматов Россиянын жарандыгы бар экендиги аныкталып, БШКнын чечими менен депутаттык мандатынан ажыратылган. 

Ал эми Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын апрель айында көк-бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ikramzhan-ilmiyanov-kk-br-federaciyasynyn-prezidentiginen-ketti



Добавить комментарий