Икрам Илмияновго карата тергөө аяктады

17 июня 2019 11:53 1164 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрам Илмияновго карата ири суммадагы акчаны мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

10-июнда Илмиянов Кылмыш Кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Ири суммадагы алдамчылык”  боюнча шектүү деп табылган. Айыпталуучу жалпы сумма 150 миң долларды ээлеп алган делип жатат.

Учурда шектүү Илмиянов жана анын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/ikram-ilmiyanovgo-karata-terg-ayaktady



Добавить комментарий