Дөөлөт Сыдыковдун манасчылык өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу үчүн илимий топ түзүлдү.

17 ноября 2020 11:17 1375 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыздын көлдөй чалкыган ооз эки дастаны, “Манас” эпосун Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт айтып, Гиннестин рекорддор китебине каттатууга аракет кылып жатат. Учурда ал үчүн атайын илимий топ түзүлдү. Бул тууралуу манасчынын жубайы Ырыс Окенованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Узак сааттарга тынбай манас айтып, Гиннес рекорддор китебине каттатуу  иш-чарасынын илимий тыянак чыгаруу боюнча комиссия түзүлдү. Илимий топтун төрайымы, филология илимдеринин доктору, профессор, “Манас” таануучу Жылдыз Орозобекова.

Гулнара Айтпаева - филология илимдеринин доктору, профессор, доцент

Гулзат Аалиева - философия илимдеринин кандидаты, “Манас” таануучу.

Мээрим Көлбаева- филология илимдерин доктору, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын "Манас" бөлүмүнүн башчысы

Илимий тыянактын мааниси чоң. Окумуштуу эжелерге ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалайбыз!”, - деп жазган Окенова.

Эске сала кетсек, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 12-ноябрь күнү, манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт бою эч тыным албай, сууда ичпей манас айтып, калың элди таң калтырган.



Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-kaalap-koyuuz-dlt-sydykovdun-manaschylyk-nrn-ginnestin-rekorddor-kitebine-kattatuu-chn-ilimij-top-tzld



Добавить комментарий