ИИМ: Камерага түшкөн айдоочунун фотосун тараткан операторлор жумуштан алынды

13 декабря 2019 11:42 10254 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы ЖМКда "Мерседес" үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттин номерлүү автоунаанын фотоколлажыынн чагылдырылышы жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча Маалыматтык ресурстар менен иштөө боюнча инструкцияны жана маалыматтык тутум менен иштөөнү бузуу фактылары боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз  кызматы билдирди. 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандары үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. ИИОнун ишмердүүлүгүн жөнгө салган түзүмдүк инструкциялардын, ИИМдин буйруктарынын, буюрмаларынын (көрсөтмөлөрүнүн) талаптарын бузуу менен кол алдындагы кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышын, жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөбөгөндүктөрү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун 4 кызматкери ар кандай тартиптик жазага кириптер болушту. Андан сырткары, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы аталган факты боюнча КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-zhkkkbbnyn-monitoring-borborunun-zhaldanma-operator-kyzmatkerleri-menen-kk-zhumushunan-boshotuldu



Добавить комментарий