ИИМдин кызматкерлери балдарды жаңы жылы менен куттуктады

25 декабря 2019 09:44 1265 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин кызматкерлери балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

 2019-жылдын 24-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин  арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери, Чүй облусундагы  Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында жайгашкан  интернаттын  тарбиялануучуларын   жаңы-жылы менен куттукташты. 

Андан соң  ИИМдин  борбордук аппаратынын өздүк курамы балдарга арналган атайын даярдалган жаны-жылдык  таттуу белектерди тартуу кылышты.  

Ошондой эле,  жардам катары алып барышкан  кийим-кечек,  бут кийимдерди тапшырды.Аталган  мектеп-интернатта баардыгы 133-бала тарбияланат. Жогорудагы мектепт-интернаттын башталгыч класстын окуучу балдары менен жалпы жамааты ЖУАБдын өздүк курамына ыраазычылыктарын билдиришти.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkerleri-baldardy-zhay-zhyly-menen-kuttuktady



Добавить комментарий