ИИМдин кызматкерлери жардамга муктаждарга азык-түлүк беришти

23 апреля 2020 15:08 1192 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетинин кесепетинен дүйнөдөгү болуп жаткан пандемия, өз изин калтырууда. Анын ичинен, биздин өлкөбүздөгү күнүмдүк тапкан акча каражаттары менен күн көргөн калктын социалдык аярлуу катмарына залакасын тийгизүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Буга байланыштуу, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өздүк курамынын демилгеси менен, турмуштук оор шартта калган жарандарга жана үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

2020-жылдын 22-апрель күнү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, өздүк курамы менен Бишкек шаарындагы оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк пакеттерин таратышты.

Нуржан Адылованын айтымында, азыркы учурда жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр арбын, алардын социалдык жактан коргоо, жардам көрсөтүү мындан ары уланат деп белгилеп кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkerleri-ayarluu-katmaryna-zhardam-berishti



Добавить комментарий