ИИМдин өкүлдөрү Баткендеги КААБдын ишмердүүлүгү менен таанышты

13 июня 2019 12:38 1204 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусуна ички иштер министринин кеңешчиси милициянын подполковниги Нурбек Жангабылов башында турган ИИМдин өкүлдөрү көргөзмө турдун жүрүшүндө Баткен облусунун аймагындагы коомдук алдын алуу борборлорунун абалы менен таанышышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Үч күндүк көргөзмө тур Беткен облусунун үй айыл аймагында Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин каржылык колдоосу менен Saferworld өнөктөштүгү алдында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында өтүүдө.

ИИМден келген өкүлдөрү менен долбоордун эксперти Таалай Акбаев Баткен облусуна келишкенде, аларды Аксай айыл аймагынын башчысы Эргешали Ниязкулов, Баткен ОИИБнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Мамадали Шакиров, Баткен РИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Нурлан Буркановдор тосуп алышып, Аксай айыл аймагындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн имаратынын абалы менен тааныштырды.

Бул иш-чара Баткен облусунун 3 айыл аймагында айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, милициянын аймактык толук ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, аксакалдар сотторунун, жаштар жана аялдар кеңештеринин катышуусунда өтүп жаткандыгын эске салабыз. Анда жергиликтүү Коомдук алдын алуу борборлорун колдоого алуу, алар капиталдык ремонттон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү, шарттарды жакшыртуу, Кадамжай, Халмион, Баткен, Исфана шаарларындагы жана Баткен районунун Аксай айылындагы Коомдук алдын алуу борборлорун оргтехникалар менен жабдуу, КААБдардын өкүлдөрү менен милиция кызматкерлерине жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү, КААБдар ортосунда тажрыйбалар менен бөлүшүү, милиция менен калктын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган тренингдерди өткөрүү, андан соң билим берүү, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү колдоо каралды.

Буга чейин дагы Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин каржылык колдоосу менен Saferworld өнөктөштүгү алдында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду Баткен облусунун Кадамжай, Баткен райондорундагы, Баткен шаарындагы Коомдук алдын алуу борборлоруна жакындан жардам берип, колдоо көрсөтүп келишкен. Долбоор тараптан оңдолүп, түзөөдөн өткөрүлгөн КААБдын имаратында милициянын аймактык толук ыйгарымдуу өкүлдөрү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү, аксакалдар соттору, аялдар кеңештири, жаштар комитеттери үчүн иш бөлмөлөр каралып, коомдук алдын алуу борборлорундагы залдар мүмкүнчүлүккө жараша тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kldr-batkendegi-kaabdyn-ishmerdlg-menen-taanyshty



Добавить комментарий