ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматында жаш жоокерлер ант беришти (сүрөт)

14 октября 2020 15:46 464 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички коопсуздуктун 702 бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 14-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Алар үчүн бул күн түбөлүк эсте калаарлык болду, анткени Мекен үчүн чын дилден кызмат өтөө ар бир эр азаматтын милдети эмеспи.

Бул күнү 151 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүштү. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысынын орун басары-штаб башчысы, полковник Д.Алыбаев катышты. Ал өз сөзүндө аскер бөлүгүнүн өздүк курамын бүгүнкү салтанат менен чын дилинен куттуктап, кызматтагы ийгиликтер менен катар, ар бир жоокерге чың ден соолук каалады.

Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган жок, анткени жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алды. Ага карабай салтанат шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти.

Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт да тартууланды.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-koopsuzduktun-asker-kyzmatynda-zhash-zhookerler-ant-berishti-srt



Добавить комментарий