ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү Улуу жеңиш эстафетасына катышты

7 мая 2020 12:43 1921 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрунүн арасында өткөн Улуу Жеңиш 75 эстафетасына катышты. Бул тууралуу Ички коопсуздук аскер кызматынын Басма сөз кызматы билдирди. 

"Быйыл бул ыйык майрамды белгилеп жатып нацизмдин үстүнѳн жетишилген эң ыйык майрам экендигин түшүнѳбүз жана биздин аталарыбыз менен чоң аталарыбыз фашизмдин кара күчтѳрүн жеңүүгѳ жана аны тамырынан жок кылууга кошкон салымдары үчүн чын жүрѳгүбүздѳн сыймыктанабыз. Бул улуу майрамдын мезгилдер ѳткѳн сайын улам арылап убакыттын каттамына оролуп бизден алыстап жатканына карабай ал биздин Ата-Мекенибиз үчүн баа жеткис тарыхый маанилүү, эч нерсеге алмаштыргыс окуя экендигин түшүнѳбүз. Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳбүздѳ бул майрамды алып берген баатырлардын азайып бараткандыгы ѳкүнүчтүү. Биз кийинки муундар Улуу согуштун баатырларына өмүр бою таазим этүүгө милдеттүүбүз. Азыркы кезде жаштар адам каны суудай аккан кыргын согушта курман болгондорду дайымаэстеп, алардын эрдигине баш уруубуз керек", - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, быйыл Ата мекендик согуштагы жеңишке 75 жыл толот. Бирок дүйнөнү каптаган коронавирустан улам бул күндү белгилөө башка убакытка жылдырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-koopsuzduk-asker-kyzmatynyn-718-asker-blg-uluu-zheish-estafetasyna-katyshty



Добавить комментарий