ИИМдин ички иликтөө кызматынын ишеним телефон номурлары жарыяланды
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаганга чейин барышат.
ИИМдин Басма сөз кызматы атайын Кыргызстандын жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонун маалымдады.
"Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери (укук бузуулар жана кылмыштар боюнча арыздарды кабыл албоо, пара талап кылуу, коркутуу, опузалоо ж.б.) тууралуу кайрылсаңыздар болот. Мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефон номурларына 0-704-999-918, 0999-917-397 жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө 0312 66-23-31 номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз".
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-ilikt-kyzmatynyn-ishenim-telefon-nomurlary-zharyyalandy
Добавить комментарий ×