ИИМдин Ички аскерлери үчүн көптөн күткөн жаңы таймаштар залы ачылды

19 января 2021 16:26 984 Barometr
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 19-январы күнү ИИМдин Ички аскерлеринде көптөн күткөн жаңы таймаштар залы ачылды. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Спорттук жетишкендиктер менен ийгиликтерге бай Ички аскерлерде аталган таймаш залынын ачылышы спорт чөйрөсүндө жаңы ийгиликтер жаралышына өбөлгө түзөт деп ишенимдүү айтууга болот.

Салтанаттуу иш чарага ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник И.Кенжекулов, КР Самбо федерациясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спортунун чебери Н.Михайлов, Бишкек шаарынын кикбокс, ушу-саньда жана тайбокс федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу М.Давлеткулов жана башка коноктор катышты.

Жаңыдан пайдаланууга берилген зал жаңы спорттук эмеректер, заманбап акустикалык системалар, жерге төшөлүүчү каражаттар менен жабдылып, учурдун талабына толугу менен жооп берет.

“Аталган таймаштар залынын ачылышы чоң мааниге ээ, анткени Ички аскерлердин аскер кыматчыларынын ден соолугунун бекем болушу, алардын дене тарбиялык даярдыгынын сапаты, аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет”, - деди иш-чара учурунда сөз сүйлөгөн Н.Михайлов.

Ошол эле учурда, коноктор ИИМдин Ички аскерлеринин музейин кыдырышып, жакынкы эле күндөрдө оңдоп-түзөө иштери жүзөгө ашырылган обьектилер жана окуу-материалдык база менен таанышып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-askerleri-chn-kptn-ktkn-zhay-tajmashtar-zaly-achyldy



Добавить комментарий