Кыргызстандын аскерлери тажиктер ок жаадырып, кол салып киргенде жан аябай күрөшүп турушат
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда Ички аскерлеринин өздүк курамы ички иштер органдарынын кызматкерлери, башка күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрү менен биргеликте жан үрөп күрөшүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Эске сала кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Башкы суу сактагыч курулуш пунктунда Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин жергиликтүү элдеринин ортосунда жанжал чыгып, акырында эки мамлекеттин куралдуу кагылышуусуна айланды.
Бул жаңжалдын себеби болуп тажиктер тарабынан Башкы суу сактагычтагы электрдик устунга видеобайкоочу камераларды орнотуу болгон.
29-апрелде болжол менен саат 13:30 чамаларында Башкы суу сактагыч курулуш жайына жергиликтүү жашоочулар келип, мурда коюлган видеокамералардын демонтаждоосун талап кылышкан. Тажикстандын аркы беттеги чогулган адамдары, демонтаждоону четке кагып, бир нече мергенчилик мылтыктардан ок чыгарышкан. Ок атуудан тажик тараптын алдыда келе жаткан адамдары кулап, калгандары дүрбөлөңгө түшүп, ар тарапка кача башташкан.
Болжол менен саат 14:00 Тажикистан тараптан минометтук эсептен аткылоо башталган. Минометтук атуунун биринчи снаряды Башкы суу сактагыч курулушуна түшкөн. Ошондон улам Башкы суу сактагыч курулушунун аймагы менен ички тарабына Тажикистан тарабынан минометтук эсептен интенсивдүү ок чыгарылып турган. Минометтук эсептин снарядынын жарылусунан жергиликтүү жашоочулар ар кандай жаракаттарды алышкан.
Ошол убакта Башкы суу сактагыч курулушунун кайтаруу жана коргоо кызматын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын өздүк курамы майор Ибрагим Акматовдун жетекчилиги астында кызмат кылып турган.
"Шер" атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкерлери алдын ала даярдалган ок атуу позицияларынан жарадарларды бошотуп, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп жатышты жана параллель штаттык куралдарынан ок атып жооп кайтарып жатышты. Андан соң, Тажикстан аскерлери тарабынан атылган минометтук атуусу "Шер" атайын отрядынын ок атуу позицияларына оодарылды. Бирок, чебер жабдуулардын жана ок ат туу позицияларынын жайгашкан жерлерин туура тандоосу менен гана, "Шер" атайын багыттагы отрядынын аске кызматкерлери снаряддардын жарылуусунун сыныктарынын уруусунан качып турушту. Ок атуу позициясынан жашыруун жайларына жергиликтүү жашоочуларды жашынтуу учурунда, аз гана аскер кызматкерлери майда сынык жаракаттарды алышты.
Атышуу учурунда "Шер" АБОнун аскер кызматкерлери Тажикстан тараптын имараттарынын биринен өзгөчөлөнгөн кара түстөгү формачан адамдар ок атуу менен алдыга келе жатканын байкаган, кыймыл аракеттеринен, алар аскер бөлүмдөрүнөн эместиги билинген.
"Шер" АБОнун аскер кызматкерлери РПГдан ошол имаратты атып жатып, жакындоого жол беришкен эмес. Жыйынтыгында адамдары артка кайтып, имарат күйүп кетти. Андан сырткары Тажикстан аскер кызматкерлери жашыруун жайларынан мылтыктар менен атып жатышты. Тажикстан аскер бөлүктөрүнүн жакшы бекемделген ок аттуу позицияларын Шер АБОнун аскер кызматкерлери мылтык гранаталары жана кол гранаталары менен аткылап жатты. Ошентип Тажик аскер кызматкерлеринин өзүлөрүнүн позицияларын таштап, жергиликтүү пунктун ички тарабына кирип кетүүсүнө күчтөгөн, ал жактан алар миномет, атайын жабдууланган брондук машина жана мылтык куралдарынан атып турушту.
Болжол менен саат 16:30 дарда Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекуловдун буйругу менен Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн БМД экипажы келип, “ШЕР” атайын багыттагы отрядына колдоо көргөзгөн. Болжол менен саат 18:30 чамасында тажик тараптан ок атуу токтоп, артка кайтып кетишти.
Мындан кийин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы Баткен облусунун Миң-булак, Көк-таш, Кызыл-Бел калктуу коңуштарын дагы коюлган тапшырмаларды аткарды. Азыркы күндө Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов Баткен облусунда.
Бүгүнкү күндө коюлган тапшырманы аткарып жатканда ар кандай даражадагы жаракат алган Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин саны 14 түздү. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын жана Баткен облусунун медициналык ооруканаларында дарыланууда. Министрдин буйрутмансы менен жаракат алган аскер кызматкерлерге ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×