ИИМдин генерал-майору Шабиров атындагы окуу борборунун өздүк курамы Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти

10 декабря 2018 21:22 1091 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинин милициянын  генерал – майору Ж.Ш. Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун өздүк курамы Чынгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 

Музейден Чынгыз Айтматовдун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттен алган сыйлыктары, наамдары, медалдары ордендери жана берген белектери менен тааныштырышты. Чынгыз Айтматов жөнүндө өздүк курамга кеңири маалымат берилип жана өздүк курам тарабынан кызыктуу сууролор узатылды. Жогорудагы айтылган маалыматтар боюнча республикалык окуу борборунун имаратынын кире беришине өздүк курам тарабынан мекенчилдик сезимди чагылдырган дубал гезиттери чыгарылды"-деп жазылат маалыматта.

 Музейге зыярат кылуунун максаты ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүү жана кызматкерлердин руханий жан дүйнөсүн байытуу болуп эсептелет. 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-general-majoru-zhsh-shabirov-atyndagy-okuu-borborunun-zdk-kuramy-ajtmatovdun-rezidenciyadagy-j-muzeji-menen-taanyshyp-kelishti



Добавить комментарий