ИИМдин демилгеси менен окуу борбордун кызматкерлери балдар үйүнө барып келишти

11 декабря 2018 18:13 937 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ИИМдин демилгеси менен жылына уюштурулуучу иш-чаранын алкагында ИИМдин Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун кызматкерлери Ысык-Ата районундагы Краснореченский балдар үйүнө барышты. Бул тууралуу жогоруда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Окуу борбордун өздүк курамы балдарга кубаныч тартуулашып, өздөрү менен кошо алып барышкан белектерди, кийим-кечелерди, оюнчуктарды тапшырышты. Ошондой эле, окуу борбордун курсанттары тарабынан балдардын маанайын көтөрүү максатында даярдалган чакан концерт көрсөтүлүп, чогуу ырдап, бийлешип, иш-чараны шаңга бөлөштү.

Өз кезегинде балдар интернатынын жетекчисинин орун басары Н. Шапилова өзүнүн жана жалпы жамаатынын атынан ИИМдин республикалык окуу борборунун өздүк курамына кайрылып, жыл сайын балдардын маанайын көтөрүп, аларга майрам тартуулап, жардам берип келе жатканына ыраазычылыгын билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-demilgesi-menen-okuu-borbordun-kyzmatkerleri-baldar-jn-baryp-kelishti



Добавить комментарий