ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты
ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү үчүн ишембиликке чыгышты. Ишембиликке министрликтин баардык түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Ар бир түзүм өздөрүнө бекитилип берилген аймактарды, көчөлөрдү тазалашты. Керектүү шаймандар менен чөптөрдү тазалашып, жалбырактарды чогултуп, таштандыларды тазалап чыгарышты. Кызматкерлер тарабынан чоң иш аткарылып, өздөрүнө тиешелүү аймактар ирээтке келтирилди. Жалпы киришүү менен бир нече сааттын ичинде эле аймактар көрктүү болуп, тазалыгы көздү суктандырбай койгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-borborduk-apparatynyn-kyzmatkerleri-ishembilikke-chygyshty
Добавить комментарий ×