ИИМдин борбордук аппаратында 625 орун кыскартылды

17 август 2018 01:15 4200 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин борбордук аппаратында 625 кишинин кызмат орду кыскартылды. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.  Маалым болгондой,  кыскартылган штаттык бирдиктер милициянын аймактык башкармалыктарына, жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекцияларга, нөөмөт бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.  Ошондой эле 100 штаттык бирдик милициянын аймактык башкармалыктарына, 25 штаттык бирдик жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекцияларга, 45 штаттык бирдик нөөмөт бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-borborduk-apparatynda-625-orun-kyskartyldy



Добавить комментарий