ИИМдин Ардагерлер кеңеши Жаңы жыл алдында дарыланууда жүргөн ардагерлерден кабар алышты

30 декабря 2019 13:00 16758 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңеши эки жыл катары менен Жаңы жыл алдында ИИМдин госпиталында акция өткөрүштү. Ардагерлер кеңеши белгилегендей, ардагерлер кыймылдары тарабынан госпиталда  саламаттыгын чыңдоо үчүн жүргөн кызматкерлер менен ардагерлерди моралдык жактан колдоп, маанайларын көтөрүү максатында өткөрүлдү жана алардын ден соолуктары бекем болушун жана иштеринде ийгиликтер коштоп журушун каалап кетишти. Бул жакта дарыланууда жүргөн кызматкерлер менен ардагерлерге майрамдык түштөнүү уюштурулду. Андан сырткары ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев  дарылоо мекемесинин кызматкерлерине дагы майрамдык белектерин тапшырды.  

Мындай иш-чара экинчи жолу катары менен өтүп жаткандыгын белгилеп өттү керек. ИИМдин Ардагерлер кеңеши госпиталда даарыланып жаткандарды жана мекеменин кызматкерлерин келе жатат Жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөөлүк бакыт-таалай, бейпилдик каалап кетишти. 

Милициянын ардагерлери Токтогон Осмоналиев менен Болот Курманалиев  госпиталда даарыланып жаткандардын атынан ИИМдин Ардагерлер кеңешине терең ыраазычылык билдиришип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди, ден соолук жана бейпилдикти  каалашты. Госпиталдын башчысы Индира Абдыгулова ИИМдин Ардагерлер кеңеши ар дайым дарылануу мекемесине  көңүл буруп, жардам берип турушканын белгилеп өттү. Аталган акцияны өткөрүүгө 20 миң сом акча каражаты бөлүнгөн

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ardagerler-keeshi-zhay-zhyl-aldynda-darylanuuda-zhrgn-ardagerlerden-kabar-alyshty



Добавить комментарий