ИИМдин ардагери Маматибраим Самиевдин жаңы китебинин бет ачары өттү

27 февраля 2020 16:18 678 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасында 2020-жылдын 27-февраль күнү ИИМдин ардагери Маматибраим Самиевдин «Байсалдуу сапарлар» жаңы китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маматибраим Самиев-ар тараптуу таланттын ээси. Ал отставкадагы милициянын полковниги, ички иштер органдарынын ардагери, Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана акындар союзунун мүчөсү, техника илимдеринин кандидаты. Эки жогорку билимге ээ-юридикалык жана курулуш чөйрөсүндө. 

Ошондой эле жыйырмадан ашык китептин автору. М. Самиев «Манас» эпосун дагы изилдеп, Кытайга манасчы Жусуп Мамайга жолугуп, Алтайга, Хакасияга дагы барып келген. Андан сырткары, фильмдерге сценарийлерди дагы жазат. Өткөн жылы  биздин ардагерибиздин калемине таандык «Агентурист» фильми ийгиликтүү көрсөтүлгөн.  

Курулуш чөйрөсүндө дагы дасыккан адис катары Ош шаарындагы көптөгөн имараттарды дагы курууга катышкан. Бул ардагердин алган сыйлыктарын тизмелеп көрө турган болсок, бир барак дагы аздык кылат.

Өзүнүн жаңы китебинде автор Кыргызстанга жана чет мамлекетке чыккан сапарлары, белгилүү инсандар менен жолугуусу, алар менен маектешүүлөрү жазган.  Китептин бет ачарына маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков катышып, Самиевдин жаңы китебинин жарык көрүүсүнө кубанычта экендигин билдирип, ИИМдин Академиясынын курсанттарына бул ардагерден үлгү алыш керектигин айтты. 

«Сиз жаш муунга өзүңүздүн мол тажрыйбаңыз менен болүшүп жаткандыгыңыз бизди кубандырбай койбойт», - деп Нуржигит Кадырбеков билдирди.



Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ardageri-mamatibraim-samievdin-zhay-kitebinin-bet-achary-tt



Добавить комментарий