ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди куттукташты (Сүрөт)

30 сентября 2020 16:25 919 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди сыйлашты.  Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Ар жыл сайын  ИИМдин Академиясынын кызматкерлери атайын бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. Быйыл да бул  майрамга карата Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашашкан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү.  Аларга белектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasynyn-kyzmatkerleri-el-aralyk-karylar-kn-menen-ardagerlerdi-kuttuktashty-srt



Добавить комментарий