ИИМдин Академиясында «Окуу соттук процесс» аудиториясы ачылды
Бүгүн 28-февралда ИИМдин Академиясында соттук отурумдардын залын чагылдырган жана дал ошондой орнотууулар менен жасалгаланган “Соттук окуу процесс” аудиториясы ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ачылышка Баңгизаттар менен эл аралык күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бюросунун өкүлдөрү Сандип Пол, М. Дастанбеков, Өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюмунан Фред Хьюстон, Д.Максимбекова, Д.Айжигитов, Бишкек шаарынын Свердлов райондук судьясы А.Касымбеков, ИИМдин УКЭКБнын өкүлдөрү, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.
Иш-чаранын негизги максаты курсанттарга жана студенттерге берилип жаткан сабактарды тереңдетүү менен практикалык негизде өткөрүү. Окуу аудиториясы, Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу максатында, Өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюм (IDLO) жана Баңгизаттар менен эл аралык күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бюро (INL) менен биргеликте ишке ашырылды.
Ал эми 2019-жылдын 2-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын судьялары жана Академиянын окутуучулары курсанттарга жана студенттерге дал ушул аудиториядан практикалык сабактарды өткөрүп башташат. Бул өз кезегинде ИИМдин Академиясындагы билим берүү сапатын жогорулатат деп жазылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasynda-okuu-sottuk-process-auditoriyasy-achyldy
Добавить комментарий ×