Түштүк Кореянын өкүлдөрү ИИМдин Академиясына келишти

25 ноября 2019 10:15 698 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Академиясына ИИО гендердик зомбулукка  каршы ишмердүүлүгү боюнча тажырыйба алмашуу максатында Түштүк Кореянын өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына ички иштер органдары гендердик зомбулукка  каршы ишмердүүлүгү боюнча тажырыйба алмашуу максатында Түштүк Кореянын Тергөө полициясынын Академиясынын профессору Ли Донг Хи,  Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Сеулдагы  борборунун саясат маселелери боюнча өкүлү  Соньен Янг, Кыргызстандагы   Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү Бермет Убайдуллаева жана Айсулуу Камычыбекова келишти. ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги А.Бийбосунов Академиядагы гендердик зомбулук чөйрөсүндөгү кылынган иштер, жазылган окуу материалдары жөнүндө айтып, ал гана эмес ИИМдин Академиясында квалификациясын жогорулатуу курсунда “Үй-бүлөлүк зомбулук” сабагы бериле турганын айта кетти. Андан тышкары Академияда аял кызматкерлер  бир катар  жетекчилик кызматты ээлей турганын билдирди.  

Профессор Ли Донг Хи Кореядагы тергөө полициясынын Академиясында  атайын гендердик зомбулук боюнча тергөөчүлөрдү окутуу 4 этаптан тураарын, жана окуу программасында гендердик зомбулукка кабылгандарды суракка алуу техникасы каралганын билдирди. Сеулдагы, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын боборунун өкүлү Соньен Янг борбордун эң негизги максаты болуп эки өлкөнүн гендердик зомбулукка каршы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышуу экенин белгилеп, мындан ары да тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилей кетти. 

Жолугушуудан соң келген конокторго чакан белектер ыйгарылып,  ИИМдин Академиясынын музейи менен таанышышты.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasyna-iio-genderdik-zombulukka-karshy-ishmerdlg-boyuncha-tazhyryjba-almashuu-maksatynda-tshtk-koreyanyn-kldr-kelishti



Добавить комментарий