Бишкекте өспүрүмдү бычак менен коркутуп арак сатып бер деген жигит менен кыз кармалышты
Социалдык тармакта Айнура Темирова атту колдонуучу Бишкекте болгон үрөй учурган кылмыш тууралуу кабарлап милиция кызматкерлери эч кандай чара кѳрбѳй жатканы айткан. Ал мындайча баяндаган:
« 3-октябрда "Глобус" (Тыналиева-Түштүк магистраль) ѳспүрүм жээниме 4 чоң адам кол салган. 20-25 курактагы эки кыз, эки эркек бала. Жээнимден спирт ичимдигин сатып берүүнү талап кылышкан. Ал макул болбой койгондо машинага киргизип ,бычак такап коркутушкан. Өлтүрѳм деп коркутшкан. Андан кийин таштанды ташталган жакка алып барып, бирѳѳсү башка тепкилеген. олтуром сени, союп салам! деп коркуткан. Эгер ошол жакта эркек ошол жакта кетип бара жатып, баланы кое беришин талап кылып кыйкырбаса ким билет. Ошол киши кыйкыргандан кийин бала тигилердин колунан качып кутулган. Гипермаркеттин видео камерасында бул окуя тартылып, сакталып калган. Бирок бүгүнкү күнгѳ чейин милиция кызматкерлери иш козгогон жок. Жаш бала шок болуп, мээси чайкалып ооруканада жатат. Күнѳѳлү тарап ишти жаап койбойбу деп кабатырланабыз Ошондуктан сиздерден бул маалыматты жайылтууну суранам»,-деген.
Ошондой эле, видео тасманы жабыркагандар ала албаганын баса белгилеген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИМдин басма сѳз кызматына байланышканыбызда Barometr.kg маалымат агенттигине мындай маалымат берди.
3-октябрда Бишкек шаарынын Ленин районун ИИБга Т.А атуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Бишкектин Масалиев/Тыналиев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан «Глобус» гиппермаркетинин жанында саат алтылар чамасында Т.Б атуу 2008-жылы туулган ѳспүрүм балага «Серебро» деген арак сатып берүүсүн талап кылганын андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкени тууралуу арыз жазган.
Арыздын негизинде иш козголуп, кечээ 7-октябрда Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан Н.Д. 1999-жылы туулган жаран жанан С.Н. атуу1999 жылы туулган жарандар кармалган.
Бүгүнкү күндѳ иликтѳѳ иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдалат
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ajnura-temirovanyn-kajryluusuna-zhoobu
Добавить комментарий ×