ИИМдеги ротация: Кайсы жетекчилер алмашты?

20 февраля 2023 11:23 940 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бир нече ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарын ротациялоо болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кызматтарды чыңдоо максатында  ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо максатында болду

«Өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнын начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Ошондой эле, милициянын полковниги  Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев  Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис  Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууго, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу,  алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/iimdegi-rotaciya-kajsy-zhetekchiler-almashty



Добавить комментарий