ИИМ өз катарындагы мыктыларды атады
ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгында жылдын мыкты кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага ИИМдин МАККББнын начальниги милициянын генерал-майору Талантбек Исаев жылдын мыктыларына диплом, пано жана лента ыйгарды. Өз кызматында мыкты аталгандардын тизмест
“Мыкты күзөт бөлүмү” номинациясында 1-орунга Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмү, 2-орунга Жайыл райондук күзөт бөлүмү, 3-орунга Жалал-Абад шаардык күзөт бөлүмү жана Ведомстволук милиция полку татыды.
“Мыкты күзөт бөлүмчөсү” Жети-Өгүз райондук күзөт бөлүмчөсү.
“Мыкты взвод башчысы” Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн взвод башчысы, милициянын лейтенанты Жыргалбек Шергазиев.
“Мыкты взводдун бөлүмчө башчысы” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн взвод башчысынын орун басары милициянын старшинасы ИшенбекБолотбек уулу.
“Чет өлкөлүк мекеме кайтаруу боюнча мыкты тескөөчүсү” Ведомстволук милиция полкунун күзөт тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Калыгул Оморов.
“ЫАТнын мыкты айдоочу милиционери” Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн мыкты ЫАКнын айдоочу милиционери, милициянын ага сержанты Кайрат Нурбаев.
“ЫАТнын мыкты милиционери” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн ЫАКнын милиционери, милициянын старшинасы Мызырайым уулу Нуралы.
“Банк мекемесин кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын прапорщиги Азамат Шаршеев.
“Обьектерди кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Балыкчы шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын ага сержанты Бакыт Козубеков.
Ошондой эле, “Мыкты ардагерлер кеңеши” номинациясында биринчи орунга Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн ардагерлер кеңеши ээ болду, экинчи орунга Бишкек шаарынын Ленин райондук жана Ысык-Ата райондук күзөт бөлүмдөрүнүн ардагерлер кеңештери ээ болушту. Үчүнчү орунга ведомстволук милиция полкунун жана Токмок шаарынын ардагерлер кеңештери татыды.
Ссылка: https://barometr.kg/iimde-zhyldyn-myktylary-syjlyk-alyshty
Добавить комментарий ×