ИИМ: Бишкекте көчө жарыктарын өчүргөндөн бери кылмыштуулук өстү

19 октября 2021 12:24 1307 Barometr
Поделиться в:
ok

Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрүү Бишкекте жана жалпы эле Кыргызстанда кылмыштуулуктун жогорулашына алып келди. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Кылмыштын өсүшү боюнча Бишкек биринчи орунда турат.Экинчи орунда Баткен областы. Баткен областында кылмыштын өсүшү чек арадагы чатактарга байланыштуу.Үчүнчү орунда Ысык-Көл областы турат”,-деп айтты Исмаилов. 

Кылмыштардын саны боюнча биринчи орунда коомдук жайларда уурулук кылуу, экинчи катарда бейбаштык жана үчүнчү орунда тоноо турат.

“ИИМ үнөмдөш үчүн көчөнүн жарыктарын өчүрүүгө терс пикирдебиз. Биз тескерисинче жарык көп болушуна умтулушубуз керек. Ал тургай шаар мүмкүн болушунча жарыктандырылышы кажет. Статистика көчө жарыгы начар же таптакыр жок райондордо кылмыш деңгээли жогору экенин көрсөтүп турат”,-деп айтты орун басар.

Эскерте кетсек, сентябрь айынын соңунан бери электрди үнөмдөө максатында көчө жарыктары өчүрүлө баштаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iimbishkektegi-kch-zharyktaryn-chrgndn-beri-kylmyshtuuluk-st



Добавить комментарий