Ысык-Көлдө эне менен баланы өлтүрүп качып кеткен деп шектелген жаран Бишкектен кармалды

3 февраля 2021 10:14 3641 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө эне менен баланы өлтүргөн кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, шектүү Ысык-Көлдүн  криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалган. 

"1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун  Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде  54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу  29 жаштагы Ы.К.ны өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү жаран 26 жаштагы Ж.А. Бишкек шаарынан кармалды. Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө  алып кетишти.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки башталды.

Азыркы учурда Ысык Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция кызматкерлери тарабынан  сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көл районунун  Кашат айылынан эне менен баланы өлтүрүп качып кеткен жарандын өздүгү такталып, милиция издөөгө алганы кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-ysyk-kld-ene-menen-balany-ltrp-kachyp-ketken-zharan-bishkekten-karmaldy



Добавить комментарий