ИИМ: "Унаанын ичинде жардам сурап кыйкырган кызга кайдыгерлик кылган тескөөчүлөр өз жазаларын алышты"

13 декабря 2018 20:54 1449 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кызматтык иликтөөдөн кийин унаанын ичинде жардам сурап кыйкырган кызга кайдыгерлик кылган тескөөчүлөр өз жазаларын алышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“ТВ Кайгуул” программасында көрсөтүлүп , андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарында “Автоунаанын ичиндеги кыз жардам сурап кыйкырган, ЖКККБнын тескөөчүлөрү айдоочуну коё беришкен” аталышындагы маалымат тарап, коомдук кызуу талкуу жараткан факты боюнча Бишкек шаардык ЖКККБнын кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. ИИМдин ички иликтөө кызматы  Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын 9 кызматкери тартиптик негизде тиешелүү жазаларын алышты"-деп жазылат маалыматта.

Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командири, милициянын майору  Р. К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулуп, калган тиешеси барларга сөгүш жарыяланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-unaanyn-ichinde-zhardam-surap-kyjkyrgan-kyzga-kajdygerlik-kylgan-teskchlr-z-zhazalaryn-alyshty



Добавить комментарий